Жалал-Абадда батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

2019-жылдын 27-февраль күнү саат 12:49да Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринин эркек кишинин сөөгү табылды.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Г. Базарбаева көчөсүндө жайгашкан турак  үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен. Үйдүн ичинен 1959-жылы туулган К.С.В. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.