Жалал-Абадда баңгизатка каршы сектордун кызматкерлери баңгизат сатуучуларды кармашты

Жалал-Абадда баңгизат саткандардан 4 кг марихуана жана гашиш алынды. Баңгизатка каршы сектордун кызматкерлери баңгизат сатуучуларды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунда баңги затын сатуу менен алектенген адамдарды аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Б” аттуу жаран баңги затын сатуу менен алектенет деген маалымат келип түшкөн.

Жогорудагы маалымат кылмыш -жаза кодексинин 267 -беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Жалал-Абад облусунун ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте, атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө-“контролдук сатып алууда” салмагы 1 кг 600 грамм болгон баңги заты жана 25 грамм салмактагы гашишти сатып алышкан.

“Б” аттуу жарандын өздүгү аныкталды. Ал, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылынын 1976-жылы туулган М.Б. аттуу тургуну.

Ошентип, 23-сентябрда Жалал-Абад облусунда тергөө аракеттерин жүргүзүүдө М.Б. жана анын шериги жаран М.Н. кармалды. Жеке текшерүү учурунда алардан баңгизат табылып, алынган. Эксперттик корутундуга ылайык – “гашиш” 2 кг 830 грамм жана марихуана 1 кг 600 грамм. Кармалган заттардын жалпы салмагы 4 кг 43 граммды түзөт.

Кармалгандар, Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.