Жалал-Абадда ата-энелер фондун жоюуну талап кылып жатышат

Жалал-Абад шаарында мектептердеги ата-энелер фондун жоюу демилгеси көтөрүлдү. Мындай сунушту депутаттар шаардык кеңештин кезектеги отурумунда айтып чыгышты. Алардын айтымында, ар бир окуучудан жылына 800 сомго чейин ата-энелер фондуна жыйналат. Төлөм ыктыярдуу деген менен иш жүзүндө милдеттүү түрдө чогултулат.  

Жалал-Абадда  жаңы окуу жылы менен бирге ата-энелер фондуна акча жыйноо башталат. Жободо каалоочулар гана берсе болот деп көрсөтүлгөн. Деген менен мугалимдер акчаны милдеттүү түрдө талап кылат деп нааразы болгон ата-энелер шаардык кеңеш депутаттарына кайрылышкан.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, айрым мектептерде жыл сайын ар баладан ата-энелер фондуна деп 600 сомдон жыйналат. Ошондо 2000 окуучудан мектеп фондуна орточо эсеп менен жылына 800 миң сом түшөт. Акча жыйноого ата-энелер каршы чыкканы менен  коомчулукка ачыктоодон айбыгышат. Фонд өкүлдөрү жаап салууга кажет жок дешет.

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү да мектеп фонддордун жабууну колдобойт. Анткени калаадагы 20 мектепти оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен жылына бир жарым миллион сом гана бөлүнөт. Ал акча мектептерди окуу жылына даярдоодон артпайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.