Жалал-Абадда 56 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берилди

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы шаардык мэрия менен биргеликте 56 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берүүгө көмөктөштү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тийиштүү тармактардын кызматкерлери тарабынан шаар аймагында кыдыруу жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында ар түрдүү себептер менен балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу көйгөйлөрү бар үй-бүлөлөр аныкталган.

Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин кыдырууларынын алкагында 2018-жылы 49, ал эми 2019-жылы жалпы 40 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болуп чыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген