Жалал-Абадда 3, 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кече, 4-октябрь күнү саат 23:02де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Сузак районунун Жаны-Жер, Жийде, Сузак, Арал, Күмүш-Азиз, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 баллга, Жалал-Абад шаарында жана Бекабад айылында 3 баллга жеткен.

Ал эми Ош шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдө жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген