Жалал-Абадда 1996-жылы мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад шаарында 90 миллион сомдон ашык мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, шаардык көзөмөл органы мыйзамсыз берилген 98 миллион 160 миң сомдук жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берди.

Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимиатынын (азыркы мэрия) буйругу менен 1996-жылдын 22-августунда 4 га аянттагы жер тилкеси ишкерлер ассоциациясынын жеке менчигине унаа тейлөө кызматын куруу үчүн мыйзамсыз берилгени аныкталды.

Прокуратура аталган буйрукту жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз келтирди, ал бардык соттор тарабынан толугу менен канааттандырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.