Жалал-Абадда 15 фостердик үй-бүлө окуудан өтүп жатат Видео

Кыргызстанда 2014- жылдан тарта “бала багып алуучу үй-бүлө” программасы иштеп баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин зордук-зомбулукка кабылган жана камкорчусу жок 101 бала фостердик үй-бүлөлөрдө жашап кетишкен. Адистер балдар үйүндө жана реаблитациялык жайларга караганда кадимки үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдар өздөрүн жакшы сезишээрин аныкташкан. Мындан улам өкмөт балдарды багып алуучу үй-бүлөлөрдү даярдоону күчтөндүрүү аракетин көрүп жатат.

Туркан Азимбаева комкордука муктаж балдарды  багып алууну каалагандардын бири. Анын 6 баласы бар. Бирок алардын баарын эрезеге  жеткирип, өз алдынча турмуш жолуна аттандырган. Эми калган өмүрүн да ата-эне мээримине муктаждарга арноону туура көргөн.

“Таптакыр кароосуз калган балдардын сагынычын, кусалыгын ким толуктайт? деп аябай санаа тартчумун. “Балдар үйү” барго деген менен ал жерден чыныгы үй-бүлө мээрими жетишпейт. Ошондуктан ал балдар кийин өз балдарын тарбиялоодо дагы кыйналат”.

Жалал-Абад облусунда балдарды камкордугуна алууну каалаган мындан башка 14 ата-эне бар. Алардын баары эки айдан бери окуудан өтүүдө. “Анын жыйынтыгы менен сертификаттар берилет” дейт Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдыллабек Камбаров.

“Биздин облустан жалпы 33 үй-бүлө бул долбоорго катуу ниетин билдирген. Бирок комиссиянын талдоосунан 15 гана үй-бүлө өткөн. Алар сертификаттарды алуу алдында турат”,-деп кошумчалайт жергиликтүү бийлик өкүлү.

Сертификатка ээ болгон үй-бүлөлөргө 3 жаштан 16 жашка чейинки камкорчусу жок же турмуш шарты оор балдар берилет. Бирок аларды камкордугуна алган ата-эне үчүн бир топ шарттар бар экенин “SOS Кыргызстандын Балдар айылдары” долбоорунун түштүк аймагы боюнча кординатору Зейнеп Эшмуратова билдирди.

“Атайын жоболор бар. Бала багып алууну каалаган үй-бүлөдө, өзүнүн балдарын кошкондо баланын саны 5 тен ашпаш керек деген. Ошондо мисалга 3 баласы болсо, дагы эки гана баланы багып алууга болот. Мындан башка дагы 12 атайын документтер топтомунда жыйнашы керек”,-дейт Эшмуратова.

Өкмөт балдарды камкордугуна алган үй-бүлөгө айлык акы төлөп берет. Ал үчүн жыл сайын казынадан 2, 5 миллион сом каражат бөлүнүүдө. Бул ар бир баланын тамак-ашына жана камкордугуна алган ата-энелерге айлык катары берилет. Тийиштүү министрликтен билдиришкендей ар бир балага ай сайын 12 миң сомдон каралган.

Жалал-Абад облусунда балдар үйүндө жана реаблитациялык борборлордо 46 бала бар. Азырынча алардын бири да багып алуучу үй-бүлөлөргө бериле элек. Ал эми республика боюнча ушул тапта 8 үй-бүлөдө 13 бала тарбия алууда.

Эске салсак, Кыргызстанда 2014-жылдан тарта багып алуучу үй-бүлө программасы иштеп баштаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген