Жалал-Абадда 13 жаштагы өспүрүм асынып алды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 13 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда өспүрүмдүн сөөгү табылган. Ал сарайдын чатырына асынып алган.

«Аталган Факт бирдиктүү реестрге катталды. Маркумдун денесине  келтирилген жаракат табылган жок. Баланын ата-энеси арыз жазып, соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты », – деп билдиришти РИИБден.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.