Жалал-Абадда 10 мүнөттө жүрөккө операция жасалды. Видео

Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун директору Калдарбек Абдраманов тобу менен 47 жаштагы аялдын жүрөгүнө 10 мүнөт 40 секундада операция жасады.

Дүйнөлүк рекорд катары сыпатталып жаткан операцияны жасоого Калдарбек Абдраманов баштаган 12 дарыгер катышкан.

“Бул көрсөткүч рекорд катары расмий каттала элек. Бирок аны мурда жасалгандарына салыштырмалуу эң кыска убакытта жасалган операция деп эсептөөгө болот. Операциянын сапаттуу жана кыска убакытта бүтүшү өтө маанилүү. Анткени операция учурунда жүрөк дарынын жардамында токтотулат. Бул жолу жүрөктү 10 мүнөткө гана токтоттук”, – дейт Абдраманов.

Учурда жүрөгүнө операция жасалган бейтаптын абалы жакшы. Ал дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген