Жалал-Абадда 10 көп кабаттуу үй жылытуу системасына туташтырылды

Алар буга чейин электр жарыгы менен үйүн жылуулап келген. Бирок кышкысын өчүп калчу электр жарыгы жана анын баасынын жогору болушу тургундарды бир топ түйшүккө салчу. Мындан улам шаар тургундары “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалына кайрылышып, ноябрь айынан тарта жылуулук менен камсыздалды.

Муратбек Кошназаров көп кабаттуу үйдө жашаганына 25 жылдан ашты. Бул мезгил аралыгында үйүн жылуулоо үчүн бир топ эле түйшүк тарткан. Анткени турак-жайын электр энергиясы менен жылытуу үчүн, ай сайын 5 миң сом коротчу. Эми атайын жылытуу борборуна туташтырылып  айына 1200 сом акча төлөйт.

“Жалал-Аабад шаарында 1993-жылдан бери жашайм. 2000-жылдары жылуулук ишканасы жакшы иштебеген үчүн үздүрүп салганбыз. Эми кайра улатууга туура келип, жашоочулар чогулуп, 6 көп кабаттуу үйдү улаттык. Жылуулугу азыр жакшы. Эми кыштын суук күндөрү да ушундай үйдү тегиз жылытып турса эле болду”,-дейт Муратбек Кошназаров.

Жалал-Абад шаарында 200 дөн ашуун көп кабаттуу үйлөр болсо, учурда 50 гана үй жылуулук менен камсыздалган. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын жетекчиси Рахман Кожомбердиев 2023-жылга чейин дагы 50 турак-жай жылытуу системасына кошулат деп билдирет.

“Биздин мекеме 2000-жылга чейин, 119 көп кабаттуу үйдү жылуулук менен камсыздап келген. Кийин тургундар биздин кызматтан баш тарткан экен. Азыр кайра өздөрү улатып жатышат. Биз эки отканаларды оңдоп, мурдагы көп кабаттуу үйлөрдүн баарын кайра туташтырууга аркет кылып жатабыз.”

Жалал-Абад шаарында жылуулук берүү ноябрь айында башталган. Калаа жетекчилиги маалымдагандай баардык социалдык мекемелер 100% кышка даяр. Ал эми жылуулук мекемеси да өз абоненттерин кышкысын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз болот деп ишендирүүдө.

Жалал-Абад шаарында 17  откана болсо учурда алардын он төртү иштейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген