Жалал-Абада павловния дарагын өстүрүп жатышат

Токтогулдук Кубан Батырканов Японияда, Кытайда өсчү павловния дарагын бир гектар аянтка отургузду. Сөңгөгүнөн улуттук аспаптарды, эмеректерди жасаса болот. Гүлүндө нектар көп болгон үчүн аарылар үчүн табылгыс азык, ал эми чоң-чоң жалбырактары малга тоют.

Кубан Батырканов павловниянын уругун өткөн кышта идиштерге сээп, үй шартында өстүргөн. Жаз алды менен  көчөттөрдү талаага которгон. Дарактар бат эле көгөрүп, азыр бийиктиги 3 метрден  ашкан. Негизи  4 метрге  чейин  болот.

“Атам экөөбүз кыргыздын улуттук аспаптарын жасайбыз. Павловнияны да ошол себептен отургуздук. Бул даракта бутак болбойт, чирибей турган касиетка ээ, нымдуулукту түртөт, мындай өзгөчөлүгү кайык, лыжа жасаганга да жол берет”, – дейт Батырканов.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz