Жалал-Абад: журналисттер спорттук оюндарда күч сынашат

8-декабрь радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө карата, Жалал-Абад шаардык мэриясы журналисттер союзу менен биргеликте кичи-футбол жана валейбол оюндарын өткөрөт. Бул тууралуу журналисттер союзунун Жалал-Абад облусундагы төрагасы Руслан Калматов билдирди.

Иш-чара Жалал-Абад шаарындагы спорттук комплексте өткөрүлүп, ага облус аймагындагы ММК кызматкерлери катышат. Кыздар арасында волейбол, балдар арасында кичи-футбол болуп, жалпы  10 команда катышат. Оюндун байге фонду 50 миң сомду түзүп, аны Жалал-Абад шаардык мэриясы бөлгөн.

Эскерте кетсек, бул мелдеш Жалал-Абадда жыл сайын уланып келүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген