Жалал-Абад: ЖАМКтын 70 кызматкерине батирлердин ачкычтары тапшырылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 70 кызматкерине Жалал-Абад шаарындагы жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды. 

Аталган кызматта иштегендер үчүн 5 кабат үй 2017-жылы майда салынып баштаган. Анда бир жана эки бөлмөлүү 70 батир бар.

“Биз силердин ишиңер кандай оор экенин билебиз. Сиздер калктын эң оор бөлүгү менен иштейсиздер. Бирок кайсы бир учурга чейин силердин ишмердүүлүгүңөргө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келди. Азыр көпчүлүгү өзгөрдү. Акыркы учурда силердин көпчүлүк кесиптештериңер көптөн күткөн батирлерин алышты. Мындай кубанычка бүгүн силер дагы жеттиңер. Ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда күткөн мына ушул жакшы саамалык куттуу болсун, чын жүрөктөн куттуктайм”, – деди премьер-министр.

Өкмөт башчы мекеме жетекчилигинин өжөрлүгүнүн негизинде ички реформалар жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, үйдүн короосундагы балдар аянтчасын жабдуу үчүн 100 миң сом тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.