FB Twitter YouTube Одноклассники

Жалал-Абад: жаңы төрөгөн энелер коридордо калды. Төрөт үй эки эсе кеңейтүүгө муктаж

Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө орун жетишсиздигинен улам энелер коридорго жатууга аргасыз. Буга кошо эне-баланы бир күндө үйүнө чыгарып жатышат.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Айдана Союзбекова 5-май күнү төрөт үйүнө кайрылган. Көз жарган келинге дарыгерлер эртеси күнү үйүнө чыгууга уруксат беришет. Айдана ден соолугу жакшы эмес экенин айтып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турууну суранган. Бирок ак халатчандар жагдайды орун жетишсиздиги менен түшүндүрүшкөн.

“Балам 3,8 килограмм төрөлдү, абалы жакшы. Бирок өзүм кыйналып калдым. Дарыгерлер мага 10 күн турбай жатууну буйруган менен бир эле күндө оорукандан чыгарып салышты. Чынында орун жетишсиз болуп, аялдар коридордо жатышат. Төрөттөн кийин кыйналган энелер коридордо жатканы аз келгенсип, бир суткага жетпей үйлөрүнө кетүүгө аргасыз. Негизи өз күчү менен төрөгөн аялдар деле кеминде 3 күн төрөт үйүндө болчу эле го”, – дейт Айдана Союзбекова.

Учурда облустук төрөт үйүндө 95 аял жатат. Мында 4 орундуу бөлмөдө алтоо, ал эми 6 орундууларда ондон бейтап жайгашкан. Андан сырткары 10дон ашуун эне-бала атайын палаталарда эмес, коридордо жатууга аргасыз. Ошондой эле төрөт залдары да палатага айланды.

“Кечээ төрөгөм, балам экөөбүздү коридорго жатып тургула деди. Бул жерде башка  аялдар деле бар болгон үчүн макул болдум. Палата бошосо, ордубузду которобуз дешкен”, – дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Гүлзада Нарматова.

Дарыгерлер жагдайды орун жетишсиздиги менен түшүндүрүшөт. Арга жок болгон үчүн көз жарган аялдар бир сутканын ичинде үйүнө чыгарылат.

“Бизге шаардан эле эмес, облустун бардык айылдарынан келишет. Толгоо тартып келген аялды кабыл калбай кое албайбыз да. Ошондуктан саламаттыгы жакшы эне-баланы коридорлого жайгаштырып турууга туура келет”, – дейт Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Маржан Султанова.

Төрөт үйүнүн жетекчилиги кабарлагандай, мекеменин 3-кабатында оңдоо штери жүрүп жатат. Ошондуктан 55 адамга ылайыкташкан палаталарда 95 аял жатат. А бирок ремонт иштери аяктаган менен деле маселе чечилбейт. Жалпы 105 орундуу болсо, облус аймагынан келген аялдардын саны 120-130га чейин жетип кетет.

Ошондуктан эне-баланын коридордо жатышы төрөт үйүндөгүлөр үчүн жат көрүнүш эмес. “Ынтымак” эки жыл мурун аталган төрөт үйүндө аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жерде жатканын чагылдырган. Анда да оңдоо иштери жүрүп жатканы айтылган эле.

“Облус менен шаарга бир эле төрөт үйү болгон үчүн жагдай ушундай. Өкмөт ооруканаларды куруп, төрөт үйлөрүнүн санын көбөйтсө мындай көрүнүш болбойт эле”, – Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери  боюнча орун басары Мелис Баймуратов.

Облустук төрөт үйүнө кошумча имарат салуу жагы буга чейин да көтөрүлгөн. Азыр эми кошумча перенаталдык борборду куруу долбоору киргизилет деген үмүт бар. Ал ишке ашса, кийинки жылы кошумча имарат пайдаланууга берилет.

Эскерте кетсек, ушул жылдын беш айында облустук төрөт үйндө 2,5 миңдей бала төрөлгөн.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz