Жалал-Абад: убактылуу кармоочу жайда күч органдарынын мурдагы кызматкери асынып алды

Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайында күч органдарынын мурдагы кызматкери асынып алды. Бул тууралуу аталган облустун ИИББнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-январда болгон. Асынып алган жаран 2018-жылдан бери убактылуу кармоочу жайда кармалып келген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү мыйзамсыз даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү”, “Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу же жөнөтүү”, “Каракчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Экинчи инстанциядагы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал акыркы инстанцияга кайрылгандыктан убактылуу кармоочу жайда кармалып жаткандыгы маалымдалды.

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде тергөө жана кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген