Жалал-Абад: тойдо кызмат көрсөткөндөрдүн баарынын патенти жок болуп чыкты

Жалал-Абад шаарында той, мааракелерде кызмат кылган тамада, ырчы, сүрөтчүлөрдүн патенти мамлекеттик салык кызматы тарабынан текшерилди. Рейд учурунда той болуп жаткан 10го жакын ресторандагы өнөрпоздордун салык документтери суралды. Бирок дээрлик баары тийешелүү патенттерин көрсөтүшкөн жок. Себебин жанында салып жүрбөгөндугү менен түшүндүрүштү.

Эми той-аштарда кызмат көрсөткөн ырчы, тамада, тасмачы жана сүрөтчүлөр патентсиз иш алып барса 2 миң сом айып төлөйт.

Тойдо кызмат көрсөткөндөргө салык салуу токтому 2015-жылы күчүнө кирген. Ага ылайык, ар бири милдеттүү түрдө патент алып кызмат көрсөтүүсү зарыл. Жалал-Абад шаарында ырчы, бийчи, тамадалар айына 1 500 сом, ал эми сүрөтчү, тасма тартуучулар андан 1 800  сом төлөшү керек деп белгиленген.

Жалал-Абад шаарында учурда той-маарекелерде кызмат көрсөткөндөрдүн саны канча экендиги так эмес. Маалыматка ылайык, акыркы сегиз айда 130га жакын маданият кызамткерлери патент алган. Андан казынага 665 миң сом салык жыйналган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген