Жалал-Абад: Тазаланбаган таштанды жашоочуларды түйшөлтүүдө

Жалал-Абад облусунун Черемушка жаңы конушунда таштанды  чыгарылбай жатат. 1 жылдан берки топтолгон чыгынды жагымсыз жыт таркатып элди түйшөлтүүдө. Буга кошо барган сайын таштанды аянттарын кеңейтүүдө. Азыркы тапта жаңы конуштагы таштанды жайландын экөөсүндө чыгынды үйүлүп, жайыла баштады.

 

Убагында чыгарылбаганы үчүн жагымсыз жытына чыдап болбойт. Жанында мектеп менен бала бакча жайгашып, балдардын ден-соолугуна зыяны тийет деген кооптоону бар.

200 кожолугу бар Черемушка конушундагы абалдан Сузак айыл өкмөтүнүн кабары бар. Ал эми жергиликтүү бийлик жагдайдын келип чыгышына жашоочулардын өздөрүн күнөөлөйт. Анткени алар таштандыны чыгарган жеке ишкерлер менен келишимин жокко чыгарып, акча төлөбөй жатышыптыр.

Айтылгандарды жашоочулар өздөрү да тастыкташат. Бирок бир-эки төлөбөгөн кишинин айынан баарын айыптоо туура эмес дешет. Мындан сырткары, айыл өкмөт адистери азыркы таштанды таштоочу жайбызды сатып жиберишкен дешүүдө.

Эгер аталган жай айыл өкмөткө кайтарып алынса,толук тазаланат. Мындан сырткары Черемушкадагы тургундар менен ишкерлердин ортосунда кайрадан келишимдер түзүлүп,керектөөдөн чыккан каражаттарын жумасына эки ирет тазалагандай шарттар түзүлмөкчү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген