Жалал-Абад таштандыга толду

Жалал-Абад шаарынын борборундагы таштандылар өз убагында алынбайт. Бул тууралуу “Ынтымактын” элдик кабарына интернет колдонуучу билдирип, көптөн бери алынбай турган таштандынын сүрөтүн жөнөттү.

Шаар тургуну борбордук базардын көрүнгөн жеринде ушул сыяктуу таштандылар жатканын, андан тараган жагымсыз жыт ыңгайсыздык жаратаарын билдирет.

“Шаардагы таштандылар канча күндө алынат билбейм. Эч эле тазаланбай койду. Көрүнгөн жерде акыр-чикирлер, ачык эле чачылып жатат. Чеке жакта болсо бир жөн, адамдар көп каттаган, азык-түлүк  саткан жерлер ушундай. Адамдар анын жанына келип, азык-түлүк алып кетүүгө аргасыз. Мэрия ушуларды тазалоо боюнча тапшырма бериш керек да. Таштанды үчүн акыны убагында берип жатабыз”, – деп маалымдаган.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын быйылкы бюджетин бекиткенде, “Жалал-Абад-Тазалык” ишканасына 6 миллион сом бөлүнгөн. Таштанды үчүн төлөм акысы ар бир адамга жер үйдөгулөргө 30, көп кабаттуу үйдөгү жашоочуларга 25 сом.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген