Жалал-Абад: тарбиячынын кызматтан алынганына ата-энелер макул эмес. Видео

Кече, Жалал-Абад шаарындагы “Учкун” балдар бакчасында балдарды уруп жаткан тарбиячынын видеосу тараган. Көп өтпөй териштирүү жүрүп, тарбиячы менен видеого тарткан кызматкерлер иштен алынган. Бирок зомбулукка кабылган балдардын ата-энелери ага макул эмес. Алар күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын деген талапты коюшууда.

Видеону “Учкун” балдар бакчасына иштеген Мубина деген тарбиячы кыз тарткан. Ал муну ата-энелердин суранычы менен жасаган. Анткени көп убакыттан бери бакчага барчу балдар ата-энелерине Ширин аттуу тарбиячы зомбулук көрсөтүп жатканын айтып даттанып келишкен.

«Балдарыбыз «бакчага барбайм» деп ыйлачу болду. Ар жери көгөрүп келет. Анан Мубина деген тарбиячы кыз, бизге балдарыбызды Ширин деген тарбиячы уруп жатканын айтты. Анан мен андан тасмага тартып берүүнү сурандым”,– дейт Жалал Абад шаарынын тургуну Диля Шаратова.

Ата-энелер бул видео бир гана ачыкталган учур экенин айтат. Мындан башка да зомбулуктар болуп келген.

“Мен, кызымды апрелде бергем. Киргизгениме 15 күн болбой жатып колун сындырып коюшту. Анысын сакайтып алып келсем, 2 күн өтпөй жыгытып, оозу-мурдун жарышты. А бул үчүнчүсү. Буларды видеодон көрүп туруп ким бакча тарбиячысы дейт?! Булар мыйзам чегинде жооп берсин. Мен бул боюнча баардык тараптарга кайрылам”,-деп кошумчалайт Ташматова.

Ал кошумчалагандай, бул факты боюнча Жалал-Абд ШИИБине арыз жазган. Алардын негизги талабы күнөөлүүлөр жазасын алышы керек. Анткени жаш жеткинчектерге болгон мындай зомбулук алардын ден соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн деген кооптонушат.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда арыздын негизинде териштирүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөргө укуктук баа берилет.

Балдарды урган тарбиячы Ширин Ильяз кызы бакчада 5 жылдан бери эмгектенип келген. Интернетке тараган видеодон кийин, тарткан да урган да  кызматкерлер 21-ноябрда ишинен бошотулган.

Жалал-Абад шаарында 22 бала бакча бар. Аларда соңку 3 жылдан бери, мындай учур алгачкы жолу катталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген