Жалал-Абад: төрөт үйүндөгү энелер каридордо жатууга аргасыз

Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө орун жетишсиздигинен улам энелер каридорго жатууга аргасыз. Буга кошо эне-баланы бир күндө үйүнө чыгарып жатышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Жалал-Абад шаарынын тургуну Айдана Союзбекова кабарлады.

Ал 5-май күнү төрөт үйүнө кайрылган. Көз жарган келинге дарыгерлер эртеси күнү үйүнө чыгууга уруксат беришет. Айдана ден соолугу жакшы эмес экенин айтып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турууну суранган. Бирок ак халатчандар жагдайды орун жетишсиздиги менен түшүндүрүшкөн.

 “Балам 3,8 килограмм төрөлдү, абалы жакшы. Бирок өзүм кыйналып калдым. Дарыгерлер мага 10 күн турбай жатууну буйруган менен бир эле күндө оорукандан чыгарып салышты. Чынында орун жетишсиз болуп, аялдар коридордо жатышат. Төрөттөн кийин кыйналган энелер коридордо жатканы аз келгенсип, бир суткага жетпей үйлөрүнө кетүүгө аргасыз. Негизи өз күчү менен төрөгөн аялдар деле кеминде 3 күн төрөт үйүндө болчу эле го”, – дейт Айдана Союзбекова.

Облустук төрөт үйүнүн жетекчилиги кабарлагандай, мекеменин 3-кабатында оңдоо штери жүрүп жатат. Ошондуктан 55 адамга ылайыкташкан палаталарда 95 аял жатат. А бирок ремонт иштери аяктаган менен деле маселе чечилбейт. Жалпы 105 орундуу болсо, облус аймагынан келген аялдардын саны 120-130га чейин жетип кетет.

“Ынтымак” эки жыл мурун аталган төрөт үйүндө аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жерде жатканын чагылдырган. Анда да оңдоо иштери жүрүп жатканы айтылган эле.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz