Жалал-Абад шаарынын мэри бир ай бою эл менен жолугушууларды өткөрдү

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев бир ай аралыгында калаадагы аймактык башкармалыктардын жашоочулары менен жер-жерлерде жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуулардын алкагында шаардын четки конуштарында таза суу, эскилиги жеткен электр мамыларын жаңылоо маселелери айтылып, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасына балдар ойноочу аянттын жоктугу жана тазалык маселесин жакшыртуу сыяктуу көйгөйлөр айтылды.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев 2020-жылы да тургундардын жашоо шартын жакшыртуу багытында калаада ири курулуштар орун алаарын, айтылган маселелер унутта калбасын айтып, шаарды өнүктүрүүдө конкреттүү пландары бар тургандардын оюн угууга да даяр экенин кошумчалады.

Ал эми жыйынтыктоочу жолугушуу областтык Барпы атындагы драма театрында кеңири форматта өттү.

Эске салсак, калаа башчысынын жер-жерлерде эл менен болгон жолугушуулары бир ай аралыгында 19 ирет уюштурулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген