Жалал-Абад шаарындагы Нооруз сейил багы оңдолот

Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгындагы Нооруз сейил багы жергиликтүү элдин эс алуусуна ыңгайлаштырылат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, шаар мэри Эрнисбек Ормоков парктын азыркы таптагы абалы менен таанышып чыкты. Долбоору даярдалган демилгени шаардык кеңештин депутаттары колдоп берсе заманбап эс алуу багына айланат.

8 гектардан ашуун аянттын айланасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн айрым жашоочулары эс алуу багына тиешелүү жерлерге курулуш жүргүзүп алышкан. Паркты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү менен мындай мыйзамсыз көрүнүштөргө да бөгөт коюлат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.