Жалал-Абад шаарында жер астынан өтүүчү көпүрө курулат

Ал борбордук базардын жанына түшүп, унаа тыгынын 20%га азаят дешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Жер астынан өтүүчү көпүрөнү курууга 23 миллион сом керектелет.

Бирок Жалал-Абад шаарынын бюджети ушул күнгө чейин бекитиле электигине байланыштуу республикалык казынадан жардам суралган. Учурда долбоору даярдалып, курулуш каржы бөлүнүшүн гана күтүп турат.

Шаардын борбордук көчөсүндө сааттаган унаа тыгыны пайда болуп келет. Автотыгынды жоюу максатында эки жерге асма көпүрө курулган. Бирок аны жүргүнчүлөр ыңгайсыз деп айтып жүрүшөт. Ошондуктан жер астынан өтүүчү көпүрө куруу пландалды. Өтмөктүн узундугу 31, бийиктиги 5, туурасы 6 метрди түзөт.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 114 миң  260 адам жашайт. Бирок шаарда ички мигранттар да бар, мындан сырткары күнүнө айылдан келип кеткендер көп. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген