FB Twitter YouTube Одноклассники

Жалал-Абад шаарында тротуарлар базарга айлана баштады

Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндө тротуарлар барган сайын тар боло баштады. Акырындык менен жол чети жайма базарга айланган. Азык-түлүктөн тарта кийим-кечеге чейин сатылат. Айрымдар товарларын жерге жайып соода кылса, уруксатсыз соода күркөлөрүн жайгаштыргандар да бар. Андай соодагерлер акырындык менен көбөйүп отуруп,  100гө жакындап калды.

Айрым тротуарларда эки адам катар келсе араң өтөт. Мындан улам шаар тургундары башаламандыкты иретке келтирүү өтүнүчү менен Жалал-Абад мэриясына кайрылышты.

Анын негизинде тиешелүү адистер текшерүү жүргүзүп, сатуучуларга эскертүү берип жатат. Рейдин жыйынтыгында Ленин, Жусуп Бакиев жана Чехов көчөлөрүндө уруксатсыз соода кылган 20 сатуучу аныкталып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Эгер товарларын жыйнап кетпесе 3 миң сомдон, 5 миң сомго чейин админстративдик айып төлөйт.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz