Жалал-Абад шаарында асманга ок чыгарган балдар кармала элек

Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында асманга бир нече жолу ок чыгаргандар кармала элек. Бул тууралуу “Ынтымакка” Жалал-Абад ОИИБнын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

“Окуя тууралуу милиция бөлүмүнө тургундардан кайрылуу түшүп, күбөлөр күмөндөгөн унаа кармалган. Бирок анын ичинен эч кандай курал табылган эмес. Ал эми текшерүү учурунда айдоочунун унаа башкарууга тийИштүү докуменнтери жок болгон үчүн, унаа айып короосуна киргизилген”,-дейт М. Турдубеков.

Окуя Барпы театрынын астында 7-октябрь кечки сааат 18:00 дөн 19:00гө чейинки аралыкта болгон. Анда “Тойота” үлгүсүндөгү унаадан асманга ок чыгарылып, унаа белгисиз тарапка из жашырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген