Жалал-Абад шаарында 170 кожолук таза суусуз калды

Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов атындагы аймагында 170 кожолук суусуз калды. Тургундардын айтымында буга чейин эки күндө бир чыгып турган суу эки айдан бери таптакыр чыкпай калган. Мындан улам жашоочулар шаардык суу канал башкармалыгына бир нече жолу кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Аталган аймактын жашоочуларына күн сайын крантты карап, суу чыгышын күтүү адатка айланган. Бирок үмүттөрүн таш каап, бош чакалары менен үйлөрүнө кайтат.

“Чынын айтсам түнү менен суу аңдып чыгабыз, кокус келип калабы деп. Кыйналдык, көңүл буруп койгон эч ким жок. Тиешелүү жерлерге барсак, сен кимсиң деп да коюшпайт”,- дейт Жалал- Абад шаарынын тургуну Разиязон Жакбарова.

Аталган көчө Жалал-Абад шаарынын четиндеги адырлуу аймак болгондуктан, арыктардан да суу акпайт. Мындан улам жашоочулар күнүмдүк жашоосуна керектөөчү бардык сууну жол боюндагы кранттардан колдонушчу. Эми болсо сууну сатып алып ичүүгө аргасыз.

Жашоочулардын айтуусунда 170 түтүнгө болгону 3 крант орнотулган. Андан да эки күндө бир эки сааттан гана суу чыгып турчу экен. Ал үчүн айына ар бир адамга 14 сомдон акча төлөп келишкен. Бир ай мурда суусу чыкпай калгандыгын айтып, шаардык суу канал башкармалыгына кайрылышкан. Бирок тийиштүү кызмат эч кандай аракеттерди көргөн эмес.

“Суунун жоктугунан бир жумада бир жолу кир жууйбуз. Кир кийимдердин чогула баштаганда эле көйгөй кошо жаралат. Жуунуп- таранганга да суу жок. Эми минтип ичээрге да суусу жок калдык”,- дешет тургундар.

Тургундар кошумчалашкандай, суу чыкпаган эки ай үчүн да эсеп дүмүрчөктөрү келип жатыптыр. Бул боюнча Жалал-Абад шаардык суу канал башкармалыгына кайрылганыбызда, тургундардын айткандарын ырасташты. Ошону менен бирге эртең мүчүлүштүктүн себеби аныкталып, бир нече күндө суу чыгаарын убада кылышты.

Жалал-Абад шаарында 7 миллион евролук таза суу долбоору аяктоо алдында турат. Анын алкагында шаардагы ар бир үйгө кранттар киргизилип, суу эсептегичтер орнотулат. Бирок бул долбоорго 3 кранттан 170 түтүн суу ичкен бул аймак кошулган эмес.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген