Жалал-Абад шаарын жаңы жылга жасалгалоого 2 миллион 300 миң каралды

Жалал-Абад шаарындагы “Эркиндик” аянтына 25 метрлик балаты орнотулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык комуналдык-чарба жана көрктөндүрүү департаментинен билдирди.

Быйыл, жаңы жыл майрамына шаарды жасалгалоо жана балаты үчүн, жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 300 миң сом каралган. Анын 1 миллон 370 миң сому балатыга, калган сумма жол жээгин жана аянтты кооздого жумшалат. Тийиштүү мекемеден кошумчалашкандай балаты 15-декабрда даяр болот.

Буга чейин,балаты үчүн кадимки арча колдонулуп келген. Быйыл башка шаарлар сыяктуу жасалма балаты орнотулат.

Эске салсак, өткөн жылы Жалал-Абад шаарында бийиктиги 20 метрге жеткен балаты орнотулган эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген