Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары дагы таркайбы?

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары дагы бириге албай, биринчи сессия үзгүлтүккө учурады. Сессияда шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары шайланмак. Бирок жыйынга оппозицияда калган “Ата Журт” менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаттары келбеди.

Ал эми 18 депутаттан түзүлгөн коалиция кворумдун жоктугунан төрага менен анын орун басарларын шайлай алышкан жок. Сессияга келгендер депутаттык күбөлүгүн алгандан кийин кайрадан тарап кетишти.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде төрт партиядан түзүлгөн “Жаңы багыт” коалициясы мыйзам чегинде сессия чакырып берүү өтүнүчү менен  шаардык кеңештин аппаратына кайрылышкан. Өтүнүч канааттандырылып, 8-чакырылыштагы депутаттар 23-июнда алгачкы жыйынга чогулушмак.

“Жаңы багыт” коалициясынын төрагалыгына Сайдилла Чимбердиев сунушталып, коалиция мүчөлөрү колдогон. Кворум болбой калганы үчүн төраганы шайлоо болгон жок.

Буга чейин депутаттарга аймактык шайлоо комиссиясы 19-майда мандаттарын тапшырган.

“Мыйзамда кайсы убакта сессия чакырылышы керектиги боюнча жазылган. Бүгүн дагы эки фракцияны күттүк, келишкен жок. Ал эки партияны дагы күтөбүз, болбосо биздин коалиция мыйзам чегинде ырааттуу иш алып бара берет”, – дейт КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыков.

Сессияга келбеген “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” партияларына отурум тууралуу эки күн мурда шаардык кеңештин аппаратынан маалымат берилген.  Бирок  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков алгачкы сессияга көпчүлүк коалициянын чакыруусу мыйзамсыз экенин билдирди.

Ошентип көпчүлүктү күттүргөн 8-чакырылыштын сессиясы болбой, шаардын бюджети кайрадан бекитилбей калды. Мындан калаадагы муниципиалдык мекемелер бюджеттин шарттуу 12ден бир бөлүгүн гана иштетип, калган ар кандай маселелерин чече албай отурушат. Депутаттардын ынтымакка келе албай жатканынан шаар калкы жапаа чегип жатканын коомдук актвисттер белгилешет.

Белгилей кетсек, буга чейинки чакырылыштын депутаттары да ушундай жагдайда алгачкы сессиясына чогула албай өзүн-өзү тараткан болчу. Анда КСДП, “Өнүгүү -Прогресс”, “Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Республика – Ата-Журт” партиялары болгон. Эл өкүлдөрүнүн орток пикирге келе албай, таркап кетишкенинен улам шаардын бюджети бекитилбей, мэр шайланбай калган. Анын айынан бир катар курулуштар токтоп турат. Негизги 3 чоң көчөнүн кеңейиши жана капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү да артка жылган. Эми алдыда шаардын бюджети, калаа башчысын шайлоо эмне болоору азырынча анык эмес болуп турат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz