Жалал-Абад шаардык кеңешинин алгачкы сессиясы өттү

Жыл башынан бери бириге албай келген депутаттар ынтымакка келишип, төрага шайланды. 7 айдан бери биринчи жолу толук кандуу отурум болуп, күн тартибинде үч маселе каралды.

Жыйында төрага, анын орун басары жана туруктуу комиссия мүчөлөрү дайындалды. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 8-чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-майда өткөрүлгөн. Эл тандоосу менен шайланган 6 партия 7 айдан бери алгачкы отурумга чогула албай убара.

“Акыры азчылык менен көпчүлүк коалиция мүчөлөрү орток пикирге келишип, отурум өткөрүштү. Ага 31 депутаттан 29у катышып, күн тартибинде 3 маселе каралды”, – деди “Ийгилик” көпчүлүк коалициясынын лидери  Сайдилла Чымбердиев.

Күн тартибине коюлган биринчи маселе шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болду. Төрагалыкка көпчүлүк коалиция  “Ата-Журт” партиясынан Мураталы Тагаевди көрсөтүштү. Эл өкүлдөрү жалгыз талапкерди бир добуштан колдоп беришти. Төрага орун басарлыгына Мухтарбек Тургунбаев менен Бахадыр Исмайиловдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Көпчүлүк добуш  менен орун басарлык кызматка Муратаалы Тагаев дайындалды.

Ошондой эле төрт туруктуу комиссиянын курамы бекитилди. Алар: бюджеттик курулуш, транспорт, коммуникация, өнөр-жай жана социалдык комиссиялары. Ар биринде жети мүчө болуш керек эле, бирок бюджетти тезинен бекитүү үчүн жумушчу топтун биринде тогуз депутат дайындалды. Калган экөөндө жетиден, ал эми өнөр-жай тармагында беш мүчө бекитилди.

“Шаардык кеңештин алгачкы эле жасашы керек болгон иши – бюджетти бекитүү. Жыл аякташына бир жарым ай гана убакыт калды. Эми бюджетти бекитип, зарыл тараптарга каражат чечип берүүнү колго алабыз”, – деди төрага Мураталы Тагаев.

Бир жуманын ичинде кезексиз сессия чакырылып, бюджет бекитилет. Жалал-Абад шаарынын 2017-жылга бюджети 341 млн сом деп пландалган. Каражаттын бекитилбей турганынан быйыл шаардагы үч көчөнү кеңейтүү, 23 көчөгө тротуар салуу жана социалдык объектилердин ремонт иштери аткарылбай калган.  Ал эми калаа  мэрин шайлоо күнүн сессиядан кийин 10 күн ичинде БШК дайындап берет.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar