FB Twitter YouTube Одноклассники

Жалал-Абад облусунда сууга чөгүп каза болгондор көбөйдү

Быйыл Жалал-Абад облусунда сууга чөгүп каза болгондордун саны өткөн жылга салыштырмалуу 7 учурга көп. Алардын басымдуу бөлүгү жаш өспүрүмдөр. Мындан улам тийиштүү адистерге бул боюнча  алдын алуу чараларын көрүү  милдеттендирилди.

Өблуста чөмүлүү сезону башталбай жатып, 58 адам сууга агып кете жаздаган. Андан башка 8 учур аджам өлүмү менен коштолду.

“Былтыркы жылы ушул мезгилде Жалал-Абад облусунда сууга аккан бир учур катталса, быйыл 5 айдын ичинде 8 факт орун алган. Алардын басымдуусун жаш балдар түзөт”, – дейт ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын адиси Акыл Ботобеков.

Жыл сайын чөмүлүү сезону башталаар алдында кооптуу суу сактагычтар менен сайлар тизмеге алынат. Аларды көзөмөлдөө жагы жергиликтүү бийликке тапшырылат. Ага ылайык, көлдөрдү көзөмөлдөөчү адамдар дайындалып, эс алуучулардын коопсузудугун карайт. Облус аймагында сууга түшүүчү бассейндердин жалып саны 40ка жетет.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz