Жалал-Абад облусунда эки көпүрө урап түштү

Базар-Коргондогу өтмөктү сел агызып кетсе, Сузактагысы авариялык абалдан улам кыйраган. Урап түшүү коркунучу мындан 10 жыл мурун жаралганына карабай, ал көпүрөнү төрт айыл эли пайдаланып келишчү. Эми болсо кыска жол узарып, Сузактын борборуна баруу үчүн 20 чакырым аралыкты айланып өтүүгө туура келди.

Ордуна жаңысы качан курулары анык эмес. Анткени Атабеков айыл аймагына караштуу жерде жайгашкан көпүрө учурда эч бир жергиликтүү бийликтин балансында жок. Көпүрө 1974-жылдары Жийде совхозу тарабынан тургузулган. Ал тараган соң каралбай калып кеткен.

Көпүрө Атабеков айыл өкмөтүндөгү Мундуз, Ширин, Жийде айылдарына барууга эң кыска жол болуп саналат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz