Жалал-Абад облусунда 500гө жакын Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрү катталган

Учурда Жалал-Абад облусунда диний экстремисттик уюмдардын мүчөсү катары 545 адам каттоодо турат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымат боюнча, 545 кишинин 485и “Хизбут-Тахрирдин” мүчөсү катары катталган.

Маалымдалгандай, бир күн мурун бул уюмдун үч мүчөсү алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин мүчөлүктөн баш тартышкан.

“Алар өздөрүнүн иш -аракеттери туура эмес экенин моюнга алышты жана мындан ары мыйзамга ылайык жашоого убада беришти”, – деп белгилешти ШИИБден.

Белгиленгендей, жыл башынан бери профилактикалык иштердин жыйынтыгы менен 16 адам диний экстремисттик уюмдардан баш тарткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.