Жалал-Абад облусуна мобилдүү лаборатория  жеткирилди

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарына коронавируска шектүүлөрдүн жана байланышта болгон жарандардын анализин жеринде текшерүү үчүн Ош шаарынан мобилдик лаборатория жеткирилди. 1 күндө 100гө чукул адамдын анализин текшерүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Лаборатория менен кошо атайын даярдыктан өткөн адистер келди. Бишкек шаарынан карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулары кызматынан кошумча адистер тартылууда. Муну менен тиешелүү дарыгерлердин жумушу бир кыйла жеңилдейт. Учурда бардыгы даяр, анализдер келип түшкөндөн баштап, текшериле баштайт”, – деди аталган кызматтын башчысы Дүйшөн Курманалиев.

Ал Жалал-Абад облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жайгаштырылды.

Жалал-Абад шаарына сырттан киргендерге көзөмөл күчөтүлөт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген