Жалал-Абад мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы кармалды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-февралында УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды максатсыз колдонуу фактылары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад шаардык мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы Н.А.ны кармады.

2018-жылдын январь айында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын тендердик комиссиясы тарабынан Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринин жол жээгин жана инфраструктурасын кеңейтүү, реконструкциялоо үчүн, курулуш иштерин тейлөө кызматтарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы боюнча, жеке компаниялардын бири жеңүүчү деп табылып, ага аталган башчы келишим түзгөн. Бирок жетекчи материалдык артыкчылыктарды алуу боюнча өз кызыкчылыгын көздөп, техникалык көзөмөлдүн жооптуу адамдары жана жеке компания менен алдын-ала бир бүтүмгө келип, курулуш иштеринин көлөмүн жана колдонулган курулуш материалдарынын баасын мыйзамсыз жогорулаткан.

Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 1 миллион 600 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Кармалган адам Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.