Жалал-Абад: маянасы кыскарган кызматкерлер нааразычылык билдирип чыгышты

 

Жалал-Абад шаарында ондон ашуун мамлекеттик мекемеде кызматкерлердин айлык акысы кыскарды. Мындан улам көрктөндүрүү жана жашылдандыруу  ишканасынын жумушчулары нааразычылык билдирип чыгышты.

Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин кызматкерлери 2 айдан бери маяналарын толук ала элек. Жумушчулардын айлык акысы 9,5 миң сомдон болсо, октябрдан бери 2,5 миң сомдон гана берилип жатат.

Көктөндөндүрүү жашылдандыруу чарбасынан сырткары шаардагы ондон ашуун мекеменин кызматкерлеринин айлыгы кыскарган. Тактап айтсак, 426 кызматкер ушундай маселе менен отурат.

Каржы министрлигинин эсеп палатасы 2015-2016-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча Жалал-Абад шаарындагы мекемелерди текшерүүгө алган. Жыйынтыгында, ондон ашык ишканада маяна төлөөдө мыйзамсыз аракеттер аныкталган. Ошол актынын негизинде жергиликтүү бюджеттен берилген үстөк акчалар токтотулган. Алдыда мыйзамга шайкеш келтирүү жолдорун шаардык кеңеш карап чыгат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген