Жалал-Абад курортунун жаңы жетекчиси кызматкерлердин каршылыгы менен иш баштады

Жалал-Абад шаарынын курортуна жаңы дайындалган жетекчинин ишке кирүү маселеси 3-майдан бери чечилбей жаткан болчу.  Кыргыз курорт туризм башкармалыгы тарабынан дайындалган Эркебай Маткеримовду мекеменин кызматкерлери иш ордуна киргизбей жаткан эле.

Алар эшиктерди бекитип, “Эркебай Маткеримов менен иштеше албайбыз, башка жетекчи дайындап бергиле”, – деген талаптарын коюшту. Кыргыз курорт туризм башкармалыгынын башчысы Калыбек Өмүралиев 12-майда Жалал-Абад курортуна жаңы директорду жамаатка тааныштыруу үчүн барганда да кызматкерлер эшиктерди кулпулап алды.

Ошентип, эшиктин кулпусу күч менен бузулуп, жаңы жетекчи ордуна олтурду.

Эскерте кетсек, курорттун башчысы Максат Апышев КСДП партиясынан шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон. 3-майда Кыргызстан Профсоюздар федерациясы Эркебай Маткеримовди  Жалал-Абад курортуна жетекчи кылып дайындаган. Ал 2012-жылы аталган эс алуу жайда иштеп кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген