Жалал-Абад курортунун төрт кызматкери милицияга сурак берип чыгышты

Жалал-Абад курортунун жаңы жетекчисин киргизбейбиз деген кызматкерлердин төртөө милицияга сурак берип чыгышты. Бул тууралуу “Ынтымакка” Жалал-Абад ОИИБнин маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков кабарлады.

Кыргыз курорт туризм башкармалыгынын башчысы Калыбек Өмүралиев 12-майда Жалал-Абад курортунун жаңы директорун жамаатка тааныштыруу үчүн барган учурда кызматкерлер чыр чыгарган. Алар эшиктерди кулпулап, Эркебай Маткеримовдун жетекчилик кызматка келишине каршылыгын көрсөтүшкөн. Эшиктин кулпусу күч менен бузулуп, жаңы жетекчи ордуна олтуруп, 4 кызматкерди милдиция кармап кеткен.

“КРнын Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыштын белгилери аныкталган. Ошондон улам курорттун 4 кызматкери суракка чакырылып, 2 сааттан кийин кое берилди” , – деди Жалал-Абад ОИИБнин маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков.

Жалла-Абад милициясы кошумчалагандай, учурда Жалал-Абад курортунда абал туруктуу.

Эскерте кетсек, курорттун башчысы Максат Апышев КСДП партиясынан шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон. 3-майда Кыргызстан Профсоюздар федерациясы Эркебай Маткеримовди  Жалал-Абад курортуна жетекчи кылып дайындаган. Ал 2012-жылы аталган эс алуу жайда иштеп кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген