Жалал-Абад: кургак учукка каршы күрөшүү борбору шаар ортосунда жайгашканы тургундардын тынчын алууда

Жалал-Абад шаарында жайгашкан облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна шаар тургундары нааразы болууда. Анткени аталган бейтапкана калк жыш жайгашкан аймакта орун алып калган. Мындан улам анын айланасында жашагандар балдарынын жана өздөрүнүн коопсуздугунан тынчсызданышып, оорукананы калктуу конуштан алыска көчүрүү зарыл дешүүдө.

Соңку жылдары кургак учук ооруканасынан бейтаптар  сыртка көп чыга баштаган. Мындан улам жашоочулар балдары ойноп жүрчү аймактарда оорунун вирустары калышы ыктымал деп кооптонуп жатышат. Алардын бири Абдурахим Кудайбердиев буларга токтолду.

“Оорукананын мурда тосмосу да жок эле. Азыр тосуп коюшту. Бирок кургак учук аба аркылуу жугат. Анын үстүнө балдарыбыз ойночу жолго оорулуулар чыгышат. Алар пайдаланган нерселерин жолго таштайт. Биз балдарыбызга оору жугуп калат деп кооптонобуз. Ошогу муну шаар четине көчүрсө жакшы болмок”.

Ал эми аталган оорукананын жетекчилиги тургундарын  мындай дооматын  негизсиз деп эсептейт. Анткени кургак учуккка каршы күрөшүү борбору жабык типтеги оорукана эмес.

Оорулуулар дүкөнгө же башка иши менен сыртка чыгып келүүгө толук акылуу”,- дейт Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчисинин орун басары Кайринса Дыйканбаева.

Адистер кошумчалгандай кургак учуктун вирустары оорулуудан 4-5 метр аралыкка гана жайылат. Ал эми аларды оорукананын ичине орнотулган экрандык кварц лампалары жок кылып турат. Аталган борбордо мындай приборлордон  47 даана бар.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук кургакучукка каршы күрөшүү бороборунун шаар аймагында иштеп жатканына 60 жыл болду. Ал 370 орунга ылайыкташкан. Учурда 280 бейтап дарыланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген