Жалал-Абад: кооптуу абалдагы оорукана бейтаптарды кабыл алууга аргасыз

Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты авариялык абалда. Шаардагы 17 миңден ашуун жаранды тейлеген борбордун имаратын жарандык коргонуу комиссиясы кооптуу деген корутунду чыгарган. Ага карабай борбор калкты тейлөөнү улантып жатат.

Эки кабаттан турган дарыгерлер борборунун имараты 1928-жылы курулган. Акыркы жолу 1999-жылы реконструкциядан өткөн. Андан бери жыл сайын ичи-тышын сырдап-жамоо иштери гана жүргүзүлүп келет. Имараттын ички бөлүгү жыгычтан курулгандыктан жыл сайын чирип, урап калуу коркунучу жогорулоодо.

“Ички курулмалары, шыптары, арткы дубалдары,пайдубалдары чөгө баштаган. Полдору чириген.  Өзгөчө кырдаал каттала турган болсо, урап калуу коркунда”, – деди ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубатбек Нурбаев.

Кооптуу шартта калк саламаттыгын текшерген медициналык мекеме азырынча имаратын жаңырта албайт. Тиешелүү тараптарга кайрылуу жиберилген, бирок жооп боло элек.

Эскилиги жеткен оорукананын абалы менен премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында өзү таанышып чыгып, жергиликтүү жетекчилерге тапшырмаларды берген.Оорукананын имараты Жалал-Абад шаардык мэриясынын балансында турат. Керектелчү каржы 60 миллион сомдон ашкан үчүн калаа бюджетинен каржылоого мүмкүнчүлүк жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген