Жалал-Абад: Көк-Таштыктар жолго асфальт төшөлбөгөнүнө нааразы болушууда. Видео

Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында ички жолдорго бир чакырым дагы асфальт төшөлө элек. Мындай абалга жергиликтүү тургундар нааразы болушууда.

Маалыматка ылайык, аталган айыл аймактын 2019-жылдагы бюджети эле 98 миллион сомду түзгөн.

“Көк-Таш айыл аймагынын бюджети аймакта иштеп жаткан “Бозумчак” кенинин эсебинен жылдан жылга көбөйүп жатат. 4600 эле калкы бар чакан айыл өкмөттө калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга эң жакшы мүмкүнчүлүк бар. Бирок айылда жарытылуу иш жүрбөй жатат”, – дейт жергиликтүү активист Уларбек Стамов

Белгилей кетсек, Көк-Таш айыл аймагы Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Кыргызстандын алыскы аймактарынын бири. Аталган аймак район борборунан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген