Жалал- Абад: Газ куур үчүн казылган жол элди жүдөтүп жатат

Жалал-Абад шаарында нааразычылыктардан улам,бир нече күн мурда газ түтүктөрүн улоо үчүн казылган Ленин көчөсүн жамоо иштери аткарылган эле. Бирок бир апта өтпөй жамалган жолдор кайрадан казылып, унаа тыгындары жарала баштаган.

Жолдун жума сайын казылышын шаардыктар мэриянын плансыз иш алып барганында дешет.

“Мэрия жыл башында план коюп, эмне жумуш аткараарын бекитиши керек. Асфальтты жаткыргандан мурда ага чейинки иштерди бүтүп алышы керек эле. Анан гана асфальтты басып чыгып кетишсе. Элге мындай кыйынчылыктар жаралбайт эле”,- шаар тургуну Абдыкерим Мусаев.

Тийиштүү кызмат өкүлдөрү билдиришкендей, Ленин көчөсүндөгү казылган жерлер толугу менен 3 күн ичинде бүткөрүлүүгө тийиш. Бирок “Газпром Кыргызстан” ишканасынын газ түтүктөр үчүн казуу иштери Ленин көчөсү менен  чектелбейт. Алдыда дагы шаардын бир нече көчөсүндө эски газ түтүктөр алмаштырылат. Бирок алар кайсыл көчөлөр экени боюнча жергиликтүү бийликте азырынча маалымат жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген