Жалал-Абад: эртең шаардын жарымына көгүлтүр от берилет

Эртең, 9-сентябрда Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн тең жарымана газ бериле баштайт. Бул тууралуу “Ынтымакка” “Газпром Кыргызстан” ишканасынын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Шаарда газ түтүктөрүн оңдоо максатында 4-сентябрда көгүлтүр от берүү убактылуу токтотулган. Азыр ремонт иштеринин жарымынан көбү бүтүп калды. Учурда Жусуп Бакиев көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу айрым көчөлөргө газ кое берилбей турат.

Щаардагы Кыргыз республикасы, Чехов, Шопохов, А. Пушкин, Ленин көчөлөрүнө 11-сентябрдан баштап көгүлтүр от берилет.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 14 миң газ колдонуучу бар.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz