Жалал-Абад: эки миңге жакын кожолук коопту аймакта күн кечирүүдө

Жалал-Абад облусунда 2000 ге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатышат. Алар менен Өзгөчө кырдаалдар минстри жеринен жолукту. Анткени бул аймакта көчкү түшүү коркунучунда жашаган кожолуктарды башка аймакка жайгаштыруу солгун жүрүүдө.

Жер маселесин, жергиликтүү бийлик трансформация иши кечигип жатканы менен түшүндүрүүдө. Бирок, Өзгөчө кырдаалдар минстри Нурболот Мирзахмедов, жерди трансформациялоо айыл өкмөттүн чабалдыгынан артка сүрүлүп жатканын айтат.

“ Тургундары көчкү коркунучундагы аймакта жашап жаткан Алай, Өзгөн, Базар-Коргон райондору транформация болчу жерлеринин документтерин даярдап, ал өкмөттө каралып жатат. Ал эми Сузак району азырга чейин документтерин бере элек”,- деди министр.

Сузак районундагы Ак-терек айылынын тургуну Абдмыманап Канымбетовдун үйү көчкү түшүү коркунучундагы тилкеден орун алган. Анын үйүнүн жогору жагынан жарака пайда болгонуна 3 жыл болду. Бирок ушул мезгилге чейин коопсуз жайдан жер берилген эмес. Мындан улам аргасыз, болгон каражатына өзү жертилке сатып алган.

“ Коркот экенсиң. Мына Өзгөндөгү көчкүдө канча үйлөр жер астында калды. Ошолорду көрүп туруп, үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн көчүп кеттим. Кошуналарым мамлекеттене чек алды. Бизге жер жок берилбей калган”,-дейт А. Канымбетов.

Баарынын эле коопсуз аймактардан өз каражатына жер тилке сатып алууга чамасы жетпейт. Анткени жерди акчага алса, ал жака жаңы үйтургузууга каражат тартыштыгы жаралат.

 “ Эгер, мамлекет коопсуз аймактан тезирээк жер берсе,көчүп чыкмакпыз”,-дейт Ак-Терек айылынын тургуну Кубанычбек Ормошев.

“Жер берсе көчүүгө даярбыз. Бирок бир жылда эле көчүп кете албайбыз. Булар жер берсек эле, “электр жарыгын өчүрүп, мектепти жаап салабыз” деп жатышат. Бирок мамлекет насыя бербесе, ссуда бербесе 4-5 жылсыз жаңы үй тургузуп кочүп кетүү деле кыйын.”

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында 364 кожолукту коопсуз аймакка көчүрүү зарыл. Ал үчүн, айыл өкмөттө жер тилкелер жок. Мындан улам эки жылдан бери 40 гектар аянтты трансформациялоо боюнча аракеттер жүрүүдө. Бирок качан бүтөөрү азырынча белгисиз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген