Жалал-Абад: диний окуу жайларга китептер таратылды

Жалал-Абад облусундагы диний окуу жайларга “Адеп-ахлак” китеби таратылды. Окуу куралында адамды адептүүлүккө, тарбиялуулукка чакырган маселелер камтылган. Бул тууралуу КРнын мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

“Эми диний окуу жайларда адеп-ахлак сабагы боюнча окуулар өткөрүлүп баштайт. Келечекте аталган сабак боюнча олимпиадаларды уюштуруу демилгеси көтөрүлүүдө”,-деди башкармалыктын маалымат кызматынан.

Эске салсак, окуу жайлар арасында көчмө семинарда адеп-ахлак сабагынын жумушчу планы бардык окуу жайлардын жамаатынын негизинде талкууланган. Ал эми диний окуу жайларды адеп-ахлак китеби менен камсыздоонун чыгымын аймактагы имамдар көтөрүшүп, китептерди белекке беришти.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген