Жалал-Абад: Чаткалда бизнес форум өттү

8-октябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында 170тен ашуун тургундардын башын бириктирген Чаткал районунун чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча форум өттү.

Форумдун максаты жергиликтүү ишкерлердин активдүү жамаатын түзүү, ошондой эле ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарындагы региондун лидерлеринин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу болду.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө спикерлер балык чарбасы, мал чарбачылыгы, сүт, туризм жана билим берүү тармактардын адистери болушту. Форумга тажрыйбалуу ишкерлер чакырылды, алардын ичинде: Тилек Токтогазиев (Nomading инженердик компаниясынын директору, Данияр Эмилов (“Предприниматель” бизнес клубунун негиздөөчүсү) жана башкалар.

Форумдун экинчи бөлүгүндө катышуучулар спикерлердин ар бири менен жеке жолугушуп, B2B сессиясында кызыктырган суроолорду бере алышты.

Биргеликте Өнүктүрүү фондунун жергиликтүү ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү механизмин түзүү боюнча биринчи кадамдар жасалды.Бул үчүн мындан аркы иш үчүн ишмердүүлүк багыттары боюнча 8 топ түзүлүп, спикерлер суроо-талап боюнча колдоо жана кеңеш беришти.

Биринчи өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бардык тараптар Чаткал регионунун чакан жана орто бизнести өнүктүрүү форумун жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чарага айлантууну чечишти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.