Жалал-Абад: 130 түтүнгө эзели электр энергиясы жеткен эмес

Базар-Коргон менен Сузак райондорунун ортосунда жайгашкан Жаз-Кечүү айылында  130 түтүн жашайт. Айыл түптөлгөндөн бери эле электр жарыгы тартылган эмес. Кышы алты айга созулуп, жол да жабылып калат.Климаты катаал айылдын жашоочулары ушул күнгө чейин кайрылбаган жери калган эмес.

Жаз-Кечүүдөгү ар бир үйдүн тиричилиги отунга байланган. Сыналгы көрүү, муздаткыч иштетүү деген айылдыктарга жат көрүнүш.

“ Биз да элдерге окшоп жашагыбыз келет. Кир машиналарды, муздаткычтарды колдонсок дейбиз.  Кийимди колго жуйбуз,тамакты деле баарын колго кылабыз. Ал эми муздаткычтын ордуна азыктарыбызды ыштап илип алабыз. Илгерки замандагыдай эле жашап келе жатабыз”,-дейт айлы тургуну.

Бир нече жылдан бери элеттиктер май-чырактан арылып, күндөн энергия алуучу батареялар менен үйлөрүн жарыктандырууга өтүшкөн болчу.  Бирок ал деле  жарык болуп бере алган эмес. Кышкысын жана жаан-чачында энергия жыйнай албайт.

“ Күн батареянын аккумулятору бир жылга жетпей энергиясын жоготкон. Андан кийин мен жаңы 2200гө жаңы аккумулятор алып койгом. Мунун күчү 12 гана вольт деп коюлат экен. Ошондуктан буга 12 вольттук гана лампочкаларды жандыра алат. Андан башка көтөрбөйт”,-  дейт Абдыкадыр Чыйбылов.

Жаз-Кечүү айылында электр энергиясынан башка автоунаа жолунун жоктугу да түйшүк жаратып келет. Аларды чечүүгө жергиликтүү бийликтин чамасы жетпейт. Бирок, жыл сайын өкмөткө жана президентке кайрылуу жасалат. Бул жылы да өлкө башчынын Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында Жаз-Кечүү айылындагы абал тууралуу маселе козголуп, аны карап-чыгуу тапшырмасы коюлган.

“ Бул маселени президентибиз да иликтеп, колдон келген жардамды беребиз деп убадасын берип жатат. Биз дагы азыр терең ишеничте турабыз. Өлкө башчы тапшырма берсе эле калган министрликтер,өкмөт бизге шарт түзүп берет деп күтүп жатабыз”,- дейт Жаз-Кечүү айылынын башчысы Замирбек Масиркулов.

Аталган айылда130 дай кожолук бар. Алардын 30га чукулу Сузак районунун аймагына, калганы Базар-Коргон районуна карайт. Бирок  алардын баары бир мектептен билим алышат. Айыл тоо койнунда болгондуктан кыш узака созулат. Мындан улам тургундар кар кетээри менен кайра кышка кам көрө баштайт.

“ Памирдеги биздин боордоштордой эле түйшүк менен жашайбыз. Себеби авто жолдун жоктугунан эшек-ат менен каттап калабыз. Эми авто жолубуз бар. Ал жайыт жол транспорт министрлигинин балансында жоктугунан аны жайыт мезгилинде гана каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми калган маалда октябрдын 15нен апрелдин 15не чейин 6 ай жолубуз толугу менен жабык болот”,-деп кошумчалайт айыл башчы.

Жаз-Кечүү айылынын тургундары Базар-Коргон районунун борборуна баруу үчүн 160 чакырым жол жүрүүсү зарыл. Бирок, азырынча жол жана электр энергиясы качан чечилиши тууралуу так маалымат жок.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген