Жалал-Абад: 10 мектепте электрондук күндөлүк системасы иштеп жатат

Жалал-Абад шаарында пилоттук түрдө киргизилген 10 мектепте “Электрондук күндөлүк системасы” иштеп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган системанын жардамы менен ата-энелер балдарынын мектепке келгенин, сабакка катышуусун, предметтик бааларын жана окуудагы жетишкендиктеринен онлайн формата маалым болуп турушат.

Бул демилге 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санатиптештирүү” жылынын алкагында өткөн жылдын ноябрь айынан тарта иштей баштаган. Анын алкагында мугалимдер менен ата-энелердин ортосунда маалымат алмашууну ылдамдатуу максаты көздөлгөн.

Окуу процессин электрондоштуруу менен мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин мектептердеги билим сапатын жогорулатуудагы жоопкерчилигин бирдей шартта күчөтүлүүсү күтүлүүдө.

Эске салсак, “Электрондук күндөлүк” системасы пилоттук түрдө өлкөнүн 40 мектебинде иштеп жатат. Алардын катарында Жалал-Абад шаарында жайгашкан 10 мектеп да бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген