Жакырчылык билим алууга жолтоо боло албастыгын далилдеген жаратман бала баяны

Болжол менен төрт ай мурун Филиппиндеги Лианга деп аталган мектептин мугалими өзүнүн Фейсбук баракчасына өзгөчө сүрөттөрдү жүктөгөн. Арцилин Азаркон жайгаштырган сүрөттөр Фейсбуктун колдонуучуларын таң калтырып, биринин артынан бири билдирүүлөрдү калтырганга шаша баштаган.

Ал кандай сүрөт эле дейсизби?

Эрланд Монтер-аталган мектептин окуучусу. Ал жашоосунда кандай гана кырдаал болбосун билим алууга бел байлаган бала. Жакыр үй-бүлөдө жашаган Монтердин ата-энесинин уулуна дептер сатып бергенге мүмкүнчүлүктөрү жок эле.

Бул нерсе дилгирлүү окуучуга тоскоол боло алмак эмес, андыктан, Монтер банан жалбырактарын алып, андан өзүнө дептер жасайт да, мектебин көздөй жөнөйт.

Өз “устаканасынан” чыккан өзгөчө окуу куралына жазып олтурган окуучуну мугалими байкап калып, сүрөткө тартып, соцтармакка жүктөп коет.

“Окуучуларга доскадагы мисалдарды тетраддарына көчүрүп жазуусун буйрудум. Андан соң баары жазып жатабы деп текшерип келатып Монтерге көзүм түштү. Кадимки эле банандын жалбырагынан сонун кылып дептер жасап алыптыр”,- деп жазган мугалим Фейсбукка.

Мына ошол мүнөттөрдөн тарта Эрланд Монтер “интернет жылдызына” айланып, дүйнө элинин алкышына арзып келе жатат.

Интернет колдонуучулары Монтердин ойлоп табуучулугуна таң калып, ага жардам бергиси келгендери четтен чыга баштаган. Ушул убакка чейин жаратман окуучунун дарегин, кайсы мектепте окуурун сурашып, мектепти аяктаганга чейин ага демөөрчү болгусу келгендердин саны улам көбөйүп келет.

 

Ал эми бул окуянын каарманы Эрланд Монтер келечекте аскер кызматкери болгусу келээрин, ал үчүн жетиштүү билимге ээ болушу керектигин айткан.

Ал-жакырчылык жакшы билим алууга тоскоол боло албастыгын далилдеген жаратман бала!

Өзгөчө эне: болгон дүйнөмдүн баары ушул кичинекей денеге батырылган

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген