Жакшы жаңылык! Баткенде 34 жаштагы аял коронавирустан айыкты

Бүгүн, 3-апрелде Баткен облустук ооруканасынан COVID-19 диагнозу менен жаткырылган аял илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Буга чейин коронавирустан 5 адам айыккан. Бир адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген