Жакшы кабар! Дагы 3 бейтап коронавирустан айыкты

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабтан маалым болду. 

Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.

Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген